Бийлер
8 Анан Эпрайым уруусундагылар Гидонго: «Бул эмне кылганың? Мидиандыктар менен согушканы барганда бизди эмнеге чакырган жоксуң?»+ — деп аны катуу жемелешти.+ 2 Бирок Гидон аларга: «Менин кылганым силердикине салыштырганда эмне болуп калыптыр. Абиезер+ жыйнаган жүзүмгө караганда анын артынан Эпрайым+ терип алган жүзүм жакшыраак эмеспи? 3 Кудай мидиандыктардын төрөлөрү Ореп менен Зепти+ силердин колуңарга салып бербедиби. Силерге салыштырмалуу мен эмне кыла алдым?» — деди. Ошондо алардын ачуусу тарай түштү.
4 Анан Гидон менен анын 300 кишиси Иорданга жетип, аны кечип өтүштү. Алар чарчаганына карабай душмандарын кууп баратышты. 5 Сукотко жеткенде Гидон ал жактагы кишилерге: «Жоокерлериме нан берип койгулачы, алар алдан тайып калышты. Мен Мидиан падышалары Зебак менен Залмунду кууп баратам»,— деди. 6 Бирок Сукоттун төрөлөрү: «Биз жоокерлериңе нан бергидей, сен, эмне, Зебак менен Залмунду колго түшүрүп алдың беле?» — дешти. 7 Гидон аларга: «Ушинткениңер үчүн, карап тургула, Жахаба Зебак менен Залмунду колума салып бергенде, силерди чөлдө өскөн тикенектер менен сабайм»,— деди.+ 8 Анан ал жерден Пенуелге барып, ал жактагы кишилерге да ошол эле өтүнүч менен кайрылды, бирок алар да сукоттуктарга окшоп жооп беришти. 9 Ошондо Гидон аларга: «Жеңиш менен кайтып келатканымда мобу мунараңарды талкалайм»,— деди.+
10 Зебак менен Залмун өздөрүнүн 15 000дей жоокери менен Каркордо эле. Чыгышта+ жашаган элдердин кылыч көтөргөн 120 000 жоокери өлүп, ушунча эле кишиси калган болчу. 11 Гидон Нобах менен Жокпеянын+ чыгышында жашаган көчмөндөрдүн жолу менен жүрүп отурду. Ал душмандардын кошуунуна күтүүсүздөн кол салды. 12 Мидиандыктардын падышалары Зебак менен Залмун качып жөнөгөндө, Гидон алардын артынан кууп барып, экөөнү тең кармап алды. Ошондо алардын бүт кошууну дүрбөлөңгө түштү.
13 Анан Жоаштын уулу Гидон Хереске кеткен өр жол менен согуштан кайтып келди. 14 Жолдон сукоттук бир жигитти кармап алып, суракка алды. Ал Гидонго Сукоттун төрөлөрү менен аксакалдарынын, 77 кишинин, атын жазып берди. 15 Гидон Сукоттогу кишилерге барып: «Силер: „Алдан тайган жоокерлериңе нан бергидей, сен, эмне, Зебак менен Залмунду колго түшүрүп алдың беле?“ — деп мени шылдыңдабадыңар беле! Мына ошол Зебак менен Залмун»,— деди.+ 16 Анан Сукоттун аксакалдары менен төрөлөрүн чөлдө өскөн тикенектер менен сабап, аларды жазалады.+ 17 Ошондой эле Пенуелдеги+ мунараны талкалап, шаардагы эркектерди өлтүрүп салды.
18 Ал Зебак менен Залмундан: «Силер Табордо өлтүргөн кишилер кандай эле?» — деп сурады. Ал экөө: «Сага окшош болчу, ар бири падышанын уулдарындай эле»,— дешти. 19 Гидон: «Алар менин уялаш бир туугандарым болчу. Тирүү Кудай Жахабанын алдында чынын айтам, эгер ошондо аларды өлтүрбөгөнүңөрдө, азыр силерди да өлтүрмөк эмесмин»,— деди. 20 Анан тун уулу Жетерге: «Өлтүр буларды»,— деди. Бирок ал жаш болгондуктан коркуп, кылычын сууруп чыккан жок. 21 Ошондо Зебак менен Залмун:+ «Күчтүү киши экенсиң*, анда бизди өзүң эле өлтүрбөйсүңбү!» — дешти. Гидон аларды өлтүрүп, төөлөрүнүн мойнундагы жарым ай түрүндөгү жасалгаларды чечип алды.
22 Кийинчерээк ысрайылдык эркектер Гидонго: «Бизди сен башкар, сенин уулуң, неберең башкарсын, анткени сен бизди мидиандыктардын колунан куткардың»,— дешти.+ 23 Бирок Гидон: «Силерди мен да, уулум да башкарбайт. Силерди Жахаба башкарат»,+— деди. 24 Анан: «Бир өтүнүчүм бар: ар бириңер өз олжоңордон мурунга тагылчу бирден шакек бергиле»,— деди. (Жеңилгендердин мурунга тагылчу алтын шакектери бар эле, анткени алар Ысмайылдын тукумдары болчу.)+ 25 Алар: «Мейли, берели»,— дешти да, бир кийимди жайып, үстүнө ар бири өз олжосунан мурунга тагылчу бирден шакек таштады. 26 Жарым ай түрүндөгү жасалгаларды, сөйкөлөрдү, Мидиан падышаларынын кызгылт көк жүндөн токулган кийимдерин, төөлөрдүн мойнундагы жасалгаларды+ эсептебегенде, ал сурап алган алтын шакектердин салмагы 19 килограмм* болду.
27 Гидон ал алтынды эфод*+ жасаганга жумшады. Анан эфодду өзүнүн шаары Опрага+ коюп койду. Бүт ысрайылдыктар ага сыйына башташты.+ Ошентип, ал Гидон үчүн да, анын үйүндөгүлөрү үчүн да тузак болду.+
28 Мидиандыктар+ ысрайыл элине багынып, аларга мурункудай кол сала албай калышты*. Гидондун убагында Ысрайылда 40 жыл тынчтык болду.+
29 Жоаштын уулу Жерубаал*+ үйүнө кайтып барып, ошол жакта жашады.
30 Гидондун 70 уулу болгон, анткени аялдары көп эле. 31 Шекемде жашаган токолу да уул төрөп берген, ал анын атын Абымелек+ деп койгон. 32 Узак өмүр сүргөндөн кийин Жоаштын уулу Гидон көз жумуп, атасы коюлган мүрзөгө, Абиезердин тукумдары+ жашаган Опрага коюлду.
33 Гидон өлгөндөн көп өтпөй, ысрайылдыктар кайрадан Баалдарга табына башташты.+ Алар Баал-Беритти+ кудай кылып алышты. 34 Ысрайыл эли аларды тегерегиндеги бардык душмандарынан куткарган+ Жахаба Кудайын эстеген жок.+ 35 Алар Жерубаалдын, башкача айтканда, Гидондун ысрайыл элине кылган бардык жакшылыктарын унутуп, анын үйүндөгүлөрүнө жакшылык кылышкан жок*.+