Ишемби, 9-август
Ким менин жолдоочум болгусу келсе, өзүнөн баш тартып, жаза устунун күн сайын көтөрүп, дайыма менин жолумду жолдосун (Лк. 9:23).
Балким, сага үйүңдөгүлөр каршы болуп келаткандыр. Же жашооңдо Кудайга кызмат кылууну биринчи орунга коюш үчүн материалдык нерселерден баш тарткандырсың (Мт. 6:33). Эгер ошондой болсо, бир нерседен шектенбе: Жахаба ал үчүн кылган иштериңдин бирин да көз жаздымында калтырбайт (Евр. 6:10). Балким, сен Исанын төмөнкү сөздөрүнүн калетсиз экенин өз жон териң менен сезип жаткандырсың. Ал мындай деген: «Ким мен үчүн жана жакшы кабар үчүн үй-жайын, ага-инилерин же эже-карындаштарын, энесин же атасын, балдарын же жерин калтырса, ал азыр, ушул убакта, куугунтуктоолор менен бирге жүз эсе көп үй-жайга, ага-иниге, эже-карындашка, энеге, балага жана жерге, ал эми келечектеги дүйнө түзүлүшүндө түбөлүк өмүргө ээ болот» (Мр. 10:29, 30). Ооба, алып жаткан баталарың баш тарткан нерселериңен алда канча ашып түшөт (Заб. 37:4). w24.03 9-б., 5-абз.
Жекшемби, 10-август
Чыныгы дос ар убак сүйөт, ал кыйын мезгилде бир тууганыңдай болот (Накыл 17:17).
1-кылымда Жүйүт аймагында катуу ачарчылык болгондо, Антиохиядагы бир туугандардын «ар бири мүмкүнчүлүгүнө жараша, Жүйүт жериндеги бир туугандарга жардам берүүнү чечишкен» (Элч. 11:27—30). Алар алыс жашаса да, ошол оюнан кайткан эмес (Жкн. 1-к. 3:17, 18). Биз да бүгүн оор кырдаалга туш болгон ишенимдештерибизге кантип боор ооруй алабыз? Балким, аксакалдарга жардам бергенге даяр экенибизди айтаттырбыз же бүткүл дүйнөлүк ишке тартуу кылаттырбыз. Ошондой эле ал жактагы ишенимдештерибиз үчүн тиленип турсак болот. Боордошторубуз негизги нерселерге жетпей да кыйналышы мүмкүн. Андыктан аларга кайрымдуу, боорукер болгонубуз маанилүү. Ошентсек, Падышабыз Машаяк Иса бул дүйнөгө өкүм чыгарганы келгенде бизди: «Падышалыкты мурастагыла»,— деп чакырат (Мт. 25:34—40). w23.07 4-б., 9, 10-абз.; 6-б., 12-абз.
Дүйшөмбү, 11-август
Баарына эстүү адамдар катары таанымал болгула (Флп. 4:5).
Иса да Атасын туурап, эстүүлүк көрсөткөн. Ал жерге «Ысрайыл үйүнүн жоголгон койлоруна» кабар айтыш үчүн жиберилген. Бирок ага тапшырылган ишти аткарып жатканда, эстүүлүк көрсөткөн. Алсак, бир жолу башка улуттан болгон бир аял андан «ичине жин кирип алгандыктан» катуу кыйналып жаткан кызын айыктырып беришин өтүнгөн. Иса ага боору ооруп, анын кызын айыктырып берген (Мт. 15:21—28). Дагы бир мисал карайлы. Жердеги кызматынын башында Иса: «Ким. . . менден баш тартса, мен да андан. . . баш тартам»,— деген (Мт. 10:33). Бирок Петир Исаны 3 жолу таштап кеткен. Ошентсе да Иса андан баш тарткан эмес. Анткени ал Петирдин чындап өкүнгөнүн жана мурун ишенимдүү киши болгонун эске алган. Тирилгенден кийин Иса Петирге көрүнүп, кыязы, аны кечиргенине, жакшы көрөрүнө ынандырса керек (Лк 24:33, 34). Жахаба менен Иса эстүүлүк көрсөтөт. Ал эми биз жөнүндө эмне десе болот? Жахаба бизден эстүү болушубузду күтөт. w23.07 21-б., 6, 7-абз.