Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Бийлер 8
  • Ыйык Китеп

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

Бийлер. Мазмуну

      • Эпрайым уруусундагылар Гидонду жемелешет (1—3)

      • Колго түшүрүлгөн Мидиан падышалары өлтүрүлөт (4—21)

      • Гидон элди башкаргандан баш тартат (22—27)

      • Гидондун өмүр баяны (28—35)

Бийлер 8:1

Байланышы бар аяттар

  • +Бий 7:2
  • +Бий 12:1; Жл2к 25:10

Бийлер 8:2

Байланышы бар аяттар

  • +Бий 6:11, 34
  • +Бий 7:24

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы» (изилдөөгө арналган),

    7/2021, 16—17-бб.

Бийлер 8:3

Байланышы бар аяттар

  • +Бий 7:24, 25

Бийлер 8:4

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/11/2004, 16-б.

Бийлер 8:7

Байланышы бар аяттар

  • +Бий 8:16

Бийлер 8:9

Байланышы бар аяттар

  • +Бий 8:17

Бийлер 8:10

Байланышы бар аяттар

  • +Бий 7:12

Бийлер 8:11

Байланышы бар аяттар

  • +Сн 32:34, 35

Бийлер 8:15

Байланышы бар аяттар

  • +Бий 8:5, 6

Бийлер 8:16

Байланышы бар аяттар

  • +Бий 8:7

Бийлер 8:17

Байланышы бар аяттар

  • +Бий 8:8, 9

Бийлер 8:21

Шилтемелер

  • *

    Же: «Киши кандай болсо, күчү да ошондой эмеспи».

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 83:11

Бийлер 8:22

Байланышы бар аяттар

  • +Бий 6:14

Бийлер 8:23

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 15:18; Шм1к 10:19; Ыш 33:22; 43:15

Бийлер 8:24

Байланышы бар аяттар

  • +Бш 16:11; 25:13; 28:9; 37:28

Бийлер 8:26

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «1 700 алтын шекел». Б14 тиркемесин кара.

Байланышы бар аяттар

  • +Бий 8:21

Бийлер 8:27

Шилтемелер

  • *

    Сөздүктү кара.

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 28:6; Бий 17:5
  • +Бий 6:11
  • +Бий 2:17
  • +Зб 106:36

Бийлер 8:28

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «баш көтөрүшкөн жок».

Байланышы бар аяттар

  • +Бий 6:1
  • +Бий 3:11; 5:31

Бийлер 8:29

Шилтемелер

  • *

    Б. а. Гидон. Кара: Бийлер 6:32.

Байланышы бар аяттар

  • +Бий 6:32; Шм1к 12:11

Бийлер 8:31

Байланышы бар аяттар

  • +Бий 9:1, 2; Шм2к 11:21

Бийлер 8:32

Байланышы бар аяттар

  • +Бий 6:11, 24

Бийлер 8:33

Байланышы бар аяттар

  • +Бий 2:17, 19; 10:6
  • +Бий 9:4

Бийлер 8:34

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 106:43
  • +Бий 3:7

Бийлер 8:35

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «туруктуу сүйүү көрсөтүшкөн жок». Сөздүктү кара.

Байланышы бар аяттар

  • +Бий 9:16—18

Башка котормолор

Байланышы бар аяттар чыгышы үчүн аяттын санын басыңыз

Башкасы

Бий. 8:1Бий 7:2
Бий. 8:1Бий 12:1; Жл2к 25:10
Бий. 8:2Бий 6:11, 34
Бий. 8:2Бий 7:24
Бий. 8:3Бий 7:24, 25
Бий. 8:7Бий 8:16
Бий. 8:9Бий 8:17
Бий. 8:10Бий 7:12
Бий. 8:11Сн 32:34, 35
Бий. 8:15Бий 8:5, 6
Бий. 8:16Бий 8:7
Бий. 8:17Бий 8:8, 9
Бий. 8:21Зб 83:11
Бий. 8:22Бий 6:14
Бий. 8:23Чг 15:18; Шм1к 10:19; Ыш 33:22; 43:15
Бий. 8:24Бш 16:11; 25:13; 28:9; 37:28
Бий. 8:26Бий 8:21
Бий. 8:27Чг 28:6; Бий 17:5
Бий. 8:27Бий 6:11
Бий. 8:27Бий 2:17
Бий. 8:27Зб 106:36
Бий. 8:28Бий 6:1
Бий. 8:28Бий 3:11; 5:31
Бий. 8:29Бий 6:32; Шм1к 12:11
Бий. 8:31Бий 9:1, 2; Шм2к 11:21
Бий. 8:32Бий 6:11, 24
Бий. 8:33Бий 2:17, 19; 10:6
Бий. 8:33Бий 9:4
Бий. 8:34Зб 106:43
Бий. 8:34Бий 3:7
Бий. 8:35Бий 9:16—18
  • Ыйык Китеп
  • Окуңуз: Жаңы дүйнө котормосу (bi12)
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • 27
  • 28
  • 29
  • 30
  • 31
  • 32
  • 33
  • 34
  • 35
Ыйык Китеп
Бийлер 8:1—35

Бийлер

8 Анан Эпрайым уруусундагылар Гидонго: «Бул эмне кылганың? Мидиандыктар менен согушканы барганда бизди эмнеге чакырган жоксуң?»+ — деп аны катуу жемелешти.+ 2 Бирок Гидон аларга: «Менин кылганым силердикине салыштырганда эмне болуп калыптыр. Абиезер+ жыйнаган жүзүмгө караганда анын артынан Эпрайым+ терип алган жүзүм жакшыраак эмеспи? 3 Кудай мидиандыктардын төрөлөрү Ореп менен Зепти+ силердин колуңарга салып бербедиби. Силерге салыштырмалуу мен эмне кыла алдым?» — деди. Ошондо алардын ачуусу тарай түштү.

4 Анан Гидон менен анын 300 кишиси Иорданга жетип, аны кечип өтүштү. Алар чарчаганына карабай душмандарын кууп баратышты. 5 Сукотко жеткенде Гидон ал жактагы кишилерге: «Жоокерлериме нан берип койгулачы, алар алдан тайып калышты. Мен Мидиан падышалары Зебак менен Залмунду кууп баратам»,— деди. 6 Бирок Сукоттун төрөлөрү: «Биз жоокерлериңе нан бергидей, сен, эмне, Зебак менен Залмунду колго түшүрүп алдың беле?» — дешти. 7 Гидон аларга: «Ушинткениңер үчүн, карап тургула, Жахаба Зебак менен Залмунду колума салып бергенде, силерди чөлдө өскөн тикенектер менен сабайм»,— деди.+ 8 Анан ал жерден Пенуелге барып, ал жактагы кишилерге да ошол эле өтүнүч менен кайрылды, бирок алар да сукоттуктарга окшоп жооп беришти. 9 Ошондо Гидон аларга: «Жеңиш менен кайтып келатканымда мобу мунараңарды талкалайм»,— деди.+

10 Зебак менен Залмун өздөрүнүн 15 000дей жоокери менен Каркордо эле. Чыгышта+ жашаган элдердин кылыч көтөргөн 120 000 жоокери өлүп, ушунча эле кишиси калган болчу. 11 Гидон Нобах менен Жокпеянын+ чыгышында жашаган көчмөндөрдүн жолу менен жүрүп отурду. Ал душмандардын кошуунуна күтүүсүздөн кол салды. 12 Мидиандыктардын падышалары Зебак менен Залмун качып жөнөгөндө, Гидон алардын артынан кууп барып, экөөнү тең кармап алды. Ошондо алардын бүт кошууну дүрбөлөңгө түштү.

13 Анан Жоаштын уулу Гидон Хереске кеткен өр жол менен согуштан кайтып келди. 14 Жолдон сукоттук бир жигитти кармап алып, суракка алды. Ал Гидонго Сукоттун төрөлөрү менен аксакалдарынын, 77 кишинин, атын жазып берди. 15 Гидон Сукоттогу кишилерге барып: «Силер: „Алдан тайган жоокерлериңе нан бергидей, сен, эмне, Зебак менен Залмунду колго түшүрүп алдың беле?“ — деп мени шылдыңдабадыңар беле! Мына ошол Зебак менен Залмун»,— деди.+ 16 Анан Сукоттун аксакалдары менен төрөлөрүн чөлдө өскөн тикенектер менен сабап, аларды жазалады.+ 17 Ошондой эле Пенуелдеги+ мунараны талкалап, шаардагы эркектерди өлтүрүп салды.

18 Ал Зебак менен Залмундан: «Силер Табордо өлтүргөн кишилер кандай эле?» — деп сурады. Ал экөө: «Сага окшош болчу, ар бири падышанын уулдарындай эле»,— дешти. 19 Гидон: «Алар менин уялаш бир туугандарым болчу. Тирүү Кудай Жахабанын алдында чынын айтам, эгер ошондо аларды өлтүрбөгөнүңөрдө, азыр силерди да өлтүрмөк эмесмин»,— деди. 20 Анан тун уулу Жетерге: «Өлтүр буларды»,— деди. Бирок ал жаш болгондуктан коркуп, кылычын сууруп чыккан жок. 21 Ошондо Зебак менен Залмун:+ «Күчтүү киши экенсиң*, анда бизди өзүң эле өлтүрбөйсүңбү!» — дешти. Гидон аларды өлтүрүп, төөлөрүнүн мойнундагы жарым ай түрүндөгү жасалгаларды чечип алды.

22 Кийинчерээк ысрайылдык эркектер Гидонго: «Бизди сен башкар, сенин уулуң, неберең башкарсын, анткени сен бизди мидиандыктардын колунан куткардың»,— дешти.+ 23 Бирок Гидон: «Силерди мен да, уулум да башкарбайт. Силерди Жахаба башкарат»,+— деди. 24 Анан: «Бир өтүнүчүм бар: ар бириңер өз олжоңордон мурунга тагылчу бирден шакек бергиле»,— деди. (Жеңилгендердин мурунга тагылчу алтын шакектери бар эле, анткени алар Ысмайылдын тукумдары болчу.)+ 25 Алар: «Мейли, берели»,— дешти да, бир кийимди жайып, үстүнө ар бири өз олжосунан мурунга тагылчу бирден шакек таштады. 26 Жарым ай түрүндөгү жасалгаларды, сөйкөлөрдү, Мидиан падышаларынын кызгылт көк жүндөн токулган кийимдерин, төөлөрдүн мойнундагы жасалгаларды+ эсептебегенде, ал сурап алган алтын шакектердин салмагы 19 килограмм* болду.

27 Гидон ал алтынды эфод*+ жасаганга жумшады. Анан эфодду өзүнүн шаары Опрага+ коюп койду. Бүт ысрайылдыктар ага сыйына башташты.+ Ошентип, ал Гидон үчүн да, анын үйүндөгүлөрү үчүн да тузак болду.+

28 Мидиандыктар+ ысрайыл элине багынып, аларга мурункудай кол сала албай калышты*. Гидондун убагында Ысрайылда 40 жыл тынчтык болду.+

29 Жоаштын уулу Жерубаал*+ үйүнө кайтып барып, ошол жакта жашады.

30 Гидондун 70 уулу болгон, анткени аялдары көп эле. 31 Шекемде жашаган токолу да уул төрөп берген, ал анын атын Абымелек+ деп койгон. 32 Узак өмүр сүргөндөн кийин Жоаштын уулу Гидон көз жумуп, атасы коюлган мүрзөгө, Абиезердин тукумдары+ жашаган Опрага коюлду.

33 Гидон өлгөндөн көп өтпөй, ысрайылдыктар кайрадан Баалдарга табына башташты.+ Алар Баал-Беритти+ кудай кылып алышты. 34 Ысрайыл эли аларды тегерегиндеги бардык душмандарынан куткарган+ Жахаба Кудайын эстеген жок.+ 35 Алар Жерубаалдын, башкача айтканда, Гидондун ысрайыл элине кылган бардык жакшылыктарын унутуп, анын үйүндөгүлөрүнө жакшылык кылышкан жок*.+

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү