Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
Кош келиңиз!
Бул китепкана Жахабанын Күбөлөрү чыгарган ар кайсы тилдеги адабияттарды изилдөөгө арналган.
Адабиятты жүктөп алуу үчүн jw.org дарегине кириңиз.
  • Бүгүн

Бейшемби, 17-июль

Чыныгы дос ар убак сүйөт, ал кыйын мезгилде бир тууганыңдай болот (Накыл 17:17).

Исанын энеси Мариям кимдир бирөөнүн аны бекемдешине муктаж болгон. Себеби турмушка чыга элек болсо да боюна бүтмөк. Мариям ага чейин балалуу болуп көргөн эмес. Эми болсо Машаяк боло турган баланы тарбиялап-чоңойтушу керек болмок. Ал эч качан жыныстык мамиледе болбогондуктан боюнда бар экенин жигити Жусупка кантип түшүндүрүп берет эле? (Лк. 1:26—33). Мариям эмне кылган? Ал башкалардан жардам сураган. Мисал үчүн, Жебирейил периштеден ага тапшырылган иш тууралуу көбүрөөк айтып беришин суранган (Лк. 1:34). Ошондон көп узабай эле «Жүйүт жеринин тоолуу аймагында» жашаган тууганы Элизабеттикине барган. Элизабет Мариямды мактап, Жахабанын ыйык рухунун жетеги менен анын курсактагы уулу тууралуу пайгамбарлык сөздөрдү айткан. (Лк. 1:39—45). Ошондо Мариям Жахабанын «өз колу менен кереметтерди жасаганын» айткан (Лк. 1:46—51). Ошентип, Жахаба Мариямды күчкө толтуруш үчүн Жебирейил периште менен Элизабетти колдонгон. w23.10 14, 15-б., 10—12-абз.

Ыйык Жазманы күндө изилдөө—2025

Жума, 18-июль

Ал бизди. . . өзүнүн Кудайына, Атасына, кызмат кылышыбыз үчүн дин кызматчы жана падыша кылды (Аян 1:5, 6).

Исанын шакирттеринин чектелүү саны гана ыйык рух менен майланган жана Жахаба менен өзгөчө мамиледе. Алардын саны 144 000. Алар асманда дин кызматчы болуп кызмат кылат (Аян 14:1). Жерде жашап жүргөндө эле Кудай аларды ыйык руху менен майлап, асырап алган. Жыйын чатырындагы ыйык жай алардын Жахаба менен болгон өзгөчө мамилесин билдирет (Рим. 8:15—17). Ал эми жыйын чатырындагы Ыйыктын ыйыгы Жахабанын турак жайын — асманды — билдирет. Ыйык жайды Ыйыктын ыйыгынан бөлүп турган «көшөгө» болсо Исанын денесин билдирет. Анткени ал адам болуп жерде жашап жүргөндө улуу Башкы дин кызматчы катары рухий ибадатканага кире алмак эмес. Ал денесин адамзат үчүн курмандыкка бергенде, бардык майлангандар үчүн асманда жашаганга жол ачкан. Майлангандар асмандагы сыйлыгын алыш үчүн денесин ташташы керек (Евр. 10:19, 20; Кор. 1-к. 15:50). w23.10 28-б., 13-абз.

Ыйык Жазманы күндө изилдөө—2025

Ишемби, 19-июль

Гидон. . . жөнүндө айтканга убактым да жетпейт (Евр. 11:32).

Гидон эпрайымдыктардын кыйкымына жумшак жооп кайтарган (Бий. 8:1—3). Ал өзүн кармап, ачууга алдырган эмес. Аларды кунт коюп угуп, туура сөздөрдү таап сүйлөп, курчуп турган жагдайды жөнгө салып кеткен. Анын сыңарындай, Гидондон үлгү алган аксакалдар сын пикир айтылганда кунт коюп угуп, ачууга алдырбай, жумшак жооп берет (Жкп. 3:13). Ушинтип жыйналышта тынчтык болушуна өбөлгө түзүшөт. Башкалар Гидонду мидиандыктарды жеңгени үчүн мактаганда, ал бүт көңүлдү Жахабага бурган (Бий. 8:22, 23). Жетекчиликти колго алгандар Гидонду кантип туурай алышат? Алар аткарган иши үчүн даңкты Жахабага ыйгарышы керек (Кор. 1-к. 4:6, 7). Мисалы, башкалар аксакалды жакшы окутканы үчүн мактаганда, ал бүт көңүлдү бардык көрсөтмөлөрдүн булагы болгон Кудайдын Сөзүнө же бизди окутуп үйрөтүп жаткан Жахабанын уюмуна бура алат. Маал-маалы менен аксакалдар: «Окутуп жатканда башкаларды таасирленткенге аракет кыламбы же Жахабаны даңктагангабы?» — деп ойлонуп турушу зарыл. w23.06 4-б., 7, 8-абз.

Ыйык Жазманы күндө изилдөө—2025
Кош келиңиз!
Бул китепкана Жахабанын Күбөлөрү чыгарган ар кайсы тилдеги адабияттарды изилдөөгө арналган.
Адабиятты жүктөп алуу үчүн jw.org дарегине кириңиз.
  • кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү